Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим - укканга санат, учканга канат

Мугалимдердин кесипик майрамынын урматына  Лейлек районунун аймагындагы айыл аймак башчылары тарабынан  атайын иш чаралар уюштурлду.

Бешкент айыл аймагындагы А.Файзиев атындагы орто мектебинин эмгек жамааты да бул майрамды кызыктуу  тосушту. Майрамдык салтанатка Бешкент айыл аймагынын аппарат кызматкерлери, ардактуу эс алуудагы устат мугалимдер катышышты.  Билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгектерин эске алуу менен Бешкент айыл аймагынын жана мектептин “Ардак Грамоталары” менен сыйланышты. Майрамдык салтанаттын сонунда А.Файзиев атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюму жана демөөрчүлөр тарабынан салтанатка катышкандарга сый тамак уюштурулду.