Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим- мөмөлүү дарак!

Аксы районундагы Т.Уметалиев атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты кесиптик майрамды көңүлдөгүдөй өткөрүштү.Мугалимдик кесип түйшүктүү эмеспи, айрыкча азыркы кырдаалда онлайн аралыктан окутуу мугалимдерге, окуучуларга көйгөйлөрдү жаратууда. Класс толо окуучу отуруп, сабак өткөнгө не жетсин. Майрамды да өз убагында өткөрүп, көңүлдөгүдөй эс алуу кандай сонун. Куттуктоолор айтылып, кесип бирлик комитети тарабынан ардак грамоталар, төш белгилер тапшырылды. Мектептен тарбияланып, билим алып кеткен ишкерлер да мугалимдерге демөөрчү болуп, класстарды  жабдуулап  беришти.


Материалды даярдаган Тотоева Наргиза.