Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим – мөмөлүү дарак

2019-жылдын 8-октябрь күнү Ноокен районунундагы Масы айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө  билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу азем өткөрүлдү.

Салтанаттуу аземди Ноокен райБББнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г. С.Борбиева ачып, билим берүү кызматкерлерин, келген конокторду майрамы менен куттуктады.

Майрамдык аземге Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  Э. Маматаев, орун басары З.Юлдашева, райондук ички иштер бөлүмү, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөттөрдүн башчылары, ардагер мугалимдер, алдынкы билим берүү кызматкелери жалпысынан 350 адамдын катышуусунда өттү. Азем № 6 “Арал” атындагы орто мектебинин окуучуларынын майрамдык куттуктоолору жана  мугалимдерге арналган концерттик программасы менен коштолду.

Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К. Нышанов өз куттуктоо сөзүндө өткөн окуу жылындагы ийгиликтер, социалдык өнөктөштөр менен аткарылган иштерге токтолуп, билим саяпкерлерин майрамдары менен куттуктады. Ошондой эле Үч тараптуу макулдашуулардын негизинде билим берүү тармагынын кызматкерлеринин  социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө мыкты иштешип келе жаткан Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  Э. Маматаевге жана айыл өкмөт башчыларына ыраазычылык билдирди.

Келген мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары куттуктоо менен бирге мугалимдерге өз сыйлыктарын тапшырышты. Ноокен райондук ички иштер бөлүмү менен тыгыз иштешкен мектептердин жетекчилерине жана мугалимдерине Ноокен РИИБнүн атайын дипломдору тапшырылды.

Алдынкы билим берүү кызматкерлери республикалык, облустук, райондук сыйлыктар менен сыйланышты. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен 35, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси-23,  “Профсоюздун отличниги” төш  белгиси менен – 4, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин Ардак грамотасы – 14, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен – 10, “Ноокен райондук билим берүүнүн ардагери” төш белгиси менен 10  жана Ноокен райБББнүн жана Ноокен рай КБКнын Ардак грамоталары менен 100 билим берүү кызматкерлери сыйланышты. Ошондой эле ардактуу эс алуудагы агай-эжекелерибиз К. Кадыржанов,  А. Абдыкаимова, Р. Карабекова, С. Сулайманова, Г. Раимбекова, Д. Жамгырчиева,  Т. Сарыбаев, В. Рыскулова, С. Ахметов, К. Сапарбаев, Э. Каипов, Р. Тухталиева,  С. Артыкбаеваларга баалуу белектер тапшырылды.

Алардын ушул убакытка чейинки үзүрлүү эмгектери белгиленип, ыраазычылык билдиришти.   

Салтанатты өткөрүүдө жакындан көмөк көрсөткөн Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына жана  Масы айыл өкмөтүнө  өз ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

 

Ноокен рай КБК нын инспектору

Т. Бакиров