Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим-мөмөлүү дарак

     2018-жылдын 4-октябрь күнү Кадамжай районундагы “Достук” ресторанында мугалимдердин кесиптик майрамына карата азем өткөрүлдү. Майрамдык аземге Кадамжай райондук администарциясынын орун басарлары Ж.Акбаров жана С.М.Асанова, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн орун басары, мекеме-ишканалар мугалимдер жана ардагер мугалимдер жалпысынан 400 адамдын катышуусунда өттү. Майрамдык кечени ачып беруу  үчүн  РайББ башчысы Ж.О.Гайбуллаев куттуктоо сөзүн айтып, мугалимдерге өз сыйлыктарын тапшырды. Ошондой эле Билим жана илим кызматкерлерин төрагасы А.Ю.Момошов мугалимдерге калоо-тилектерин айтып, “Билим берүүнүн мыктысы”  төш белгиси, ардак грамота жана  акчалай сыйлыктарын тапшырды. Райком профсоюз тарабынан баалуу белектер тапшырылды. Мугалимдер жана окуучулар  концерттик программаларын өтө шаӊдуу аткарышып беришти.                                          

Салтанаттын акырында келген коноктор тереӊ ыраазычылыгын билдиришти.