Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим - коомдун күзгүсү

Мугалим - эскирбеген кесип. Педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билген көрөгөчтүгү, изденүүчүлүгү, баладай жумшак көңүлү, болгон күч-аракетин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы чоң урмат-сыйга татыйт.

Ысык-Ата районунда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленип, Кант шаарындагы А.Тойтоев атындагы маданият сарайында салтка айланган сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алмазбек Осмонов, акимдин орун басары Нурбек Сагынбаев, Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бакашева, райондук билим жана илим  кызматкерлеринин профсоюздук комитетинин  төрайымы Бактыгуль Тыныбекова,  мектептин, бала бакчанын директорлору жана мугалимдер катышты.

Кесиптик майрамда билим берүү тармагындагы көп жылдык эмгеги, келечек муунга татыктуу тарбия берүүгө кошкон салымдары үчүн мугалимдер жана мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директорлору, тарбиячылары Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын, Кант шаардык мэриясынын", Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары, “Билим берүүнүн мыктысы” жана Кырыгыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирилигинин Борбордук комитетинин төш белгилери менен сыйланышты. Мындан тышкары салтка айланып калган "Мыкты мектеп", "Мыкты бала бакча" номинациялары тапшырылды.

Салтка айланып калган Ысык-Ата райондук билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздук комитети Эмгек сиңирген мугалимдерге баалуу сыйлыгын тапшырды. Сыйлоо аземи концерттик программасы менен уланып, мугалимдерге майрамдык маанай тартууланды.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ысык-Ата райондук комитети