Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим - коомдун күзгүсү

         2018-жылдын 3-октябрь күнү Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында мугалимдердин кесиптик майрамына карата азем өткөрүлдү. Майрамдык аземге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы. Ызабеков, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  Э. Маматаев, орун басары Н. Бекжигитова, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары милициянын подполковниги Н. Маматов, райондук  мекеме-ишканалардын , айыл өкмөттөрдүн башчылары, коомдук уюмдардын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ардагер мугалимдер, алдынкы билим берүү кызматкелери жалпысынан 250 адамдын катышуусунда өттү.   Азем № 6 “Арал” атындагы орто мектебинин окуучуларынын жана № 2 “Ак куу” балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын майрамдык куттуктоолору жана  мугалимдерге арналган  концерттик программасы менен коштолду.   Келген мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары куттуктоо менен бирге мугалимдерге өз сыйлыктарын тапшырышты.  Ноокен райондук ички иштер бөлүмү менен тыгыз иштешкен мектептердин жетекчилерине жана мугалимдерине  Ноокен РИИБнүн атайын дипломдору тапшырылды.                                                                          Алдынкы билим берүү кызматкерлери республикалык, облустук, райондук сыйлыктар менен сыйланышты.  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен 34, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси  - 21, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин Ардак грамотасы – 2, “Профсоюздун отличниги” төш  белгиси менен – 3, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен – 12,  “Ноокен райондук билим берүүнүн ардагери” төш белгиси менен 9 жана Ноокен райБББнүн жана Ноокен рай КБКнын Ардак грамоталары менен 113 билим берүү кызматкерлери сыйланышты.   Ошондой эле быйылкы окуу жылында ардактуу эс алууга чыккан К. Садиров,    Г. Жолдошмаматова, Г. Мундузбаева, Ж. Жапаров, Г. Миңбаева, С. Маткалыковаларга белектер ыйгарылды. Алардын ушул убакытка чейинки үзүрлүү эмгектери белгиленип, Ноокен рай БББнүн башчысы Б. Козуев өз ыраазычылыгын билдирди.      

Салтанатты өткөрүүдө жакындан көмөк көрсөткөн Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына жана  райондук  маданият үйүнө өз ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

 

Ноокен рай КБК нын тескөөчүсү

Т. Бакиров