Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим-кесиптердин улуусу.

Мугалимдик иш –түйшүктүү иш, аны менен катар эле сыймыктуу иш! Анткени келечек муундарды окутуп, тарбиялап, турмуштун даӊгыр жолуна багыт берип, адамдык сапаттарды калыптандырып эрезеге жеткирген –бул Мугалим. Караӊгыны жарык кылган шам чырак сыяктуу бийик рух менен эмгектенип жаткан да Мугалим Мугалимдик кесипти туу тутуп күжүрмөн эмгек менен алп уруп, чарчаганын билишпей, окуткан балдары менен сыймыктанып иштеп жатышкан учурдагы мугалимдерге таазим этүү менен ыраазычылык гана айтсак арзыйт. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, быйыл мугалимдердин кесиптик майрамы жылдагыдан талаптарды аткаруу менен 2020-жылдын 14- октябрында 3 мектепте тактап айтсак, В.П.Чкалов атындагы №2 мектеп-гимназиясында, М.Сыдыков атындагы №7орто мектебинде жана А. Буйлаш уулу атындагы №8 орто мектептерде 3 топко бөлүп  өткөрүлдү. Иш-чарага жалпы 150 мугалим-педагогдор жана шаар жетекчилери катышты. Иш-чараны Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Т.Мамбетов ачып, мугалимдердин кесиптик майрамы куттуктап, түйшүктүү иштерине ийгиликтерди каалады жана алдыңкы мугалимдерге  ыраазычылык билдирди жана Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы менен сыйлады.  Иш-чарага шаардын мэри,  шаардык кеӊешинин төрагасы, вице-мэр, аялдар кеӊеши, жеке ишкер Камчыбек Турсунбеков,  профсоюздардын Нарын шаардык комитетинин төрагасы Т.Качкымбаев  агай сөз сүйлөп  мугалимдерди кесиптик майрамын куттуктоо менен бирге мугалимдерге ыраазычылык каттарын, ардак грамоталарын, дипломдорун ,  ар кандай деңгээлдеги сыйлыктарын тапшырды. Мугалим сокурга көз, дүлөйгө кулак, караӊгыга-чырак, жан дүйнөгө азык берет. Мугалим чыныгы агартуучу, мугалим гана коомду аппак кылып тазалоочу бирден бир күч! Андыктан урматтуу  мугалимдер, ардактуу кесип ээлери Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыӊыздар менен чын дилибизден куттуктап, сиздерге бакубат жашоо, чын ден-соолук, кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз.Түйшүктүү ишиӊиздерге ийгиликтер жарала берсин.

 

 

 

Сиздерди терең урматтоо менен,

 

Профсоюздардын  Нарын шаардык

комитетинин  төрагасы :                                                                                Т.Качкымбаев