Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Мугалим, билим, тарбия - агып чыккан булак"

Ат-Башы районунун Апыш Койчуманов атындагы орто мектебинде чыгаан педагог "Кыргыз республикасынын эмгек синирген мугалими", “Социалисттик эмгектин баатыры” Апыш Койчумановдун туулган күнүнүн 100 жылдык элесине арналган "Мугалим, билим, тарбия - агып чыккан булак" аталышындагы маараке-семинар өткөрүлдү.

Семинарга Нарын облусттук администрациясынын бөлүм башчысы А А.Дүйшөналиева, райондук билим берүү башчысы Т.О.Солтобаев, Ат-Башы райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К.Керималиев жана  А.Койчумановдун айылдаштары, кесиптештери, мектеп директорлору катышышты.

Маараке-семинарда А.Койчумановдун басып өткөн өмүрү, жараткан ийгиликтери, иштеген иштери боюнча кызыктуу маалыматтар берилип, көрсөтмө куралдары көргөзүлдү жана мектеп окуучулары, мугалимдери тарабынан даярдалган сценка тартууланды.

Келген меймандарга мектеп директору А. Койчумановдун музейин тааныштырып, окуу-тарбия ишиндеги жетишкен ийгиликтери жөнүндө баяндап берди. Чакырылган коноктор иш-чара боюнча ой-пикирлерин билдиришип, куттуктоолорун айтышып, алдынкы мугалимдерге сыйлык, белектерди ыйгарышты.

Семинар А.Койчуманов орто мектебинин жамааты тарабынан даярдалган чакан концерт менен коштолуп жыйынтыкталды.

 


Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ат-Башы райондук комитети