Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим ардактуу эс алууга чыкты

У.Колдошова  атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде  көп жылдан бери директор болуп эмгектенип келген  Колдошова Урматкан   ардактуу эс алууга чыкты. Кесиптешибиз Колдошова Урматкан билим берүү тармагында 52 жылдан ашык иштеди. Эмгек жолун 1972-жылы азыркы Бешик-Жон айыл аймагында жайгашкан №7 М.Мамбеталиева атындагы гимназия мектебинде тарых сабагынын мугалими болуп, баштаган.  2004-жылы  Базар-Коргон айыл аймагына караштуу “Сай- Коргон “ атындагы башталгыч класс мектебинин директору болуп дайындалган.  2012-жылы “Сай- Коргон “ атындагы башталгыч мектебинине, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Эл агартуунун отличниги ” төш белгиси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим  жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин  “Билим  жана илим профсоюзунун отличник”  төш белгисинин ээси  У.Колдошованын ысымы мектепке ыйгарылган.

Кесиптешибиз жогорудагы мектептин курулуш иштерин, материалдык базасын көтөрүүгө чоң салым кошуп, окуучуларга билим берүүдө талыкпай эмгектенген.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев биздин кесиптик бирликтин ардактуу мүчөсүн билим берүү тармагына кошкон салымын баса белгилеп, баалуу белектерди тапшырды.

Ардактуу мугалим, Колдошова Урматкан колдоолор үчүн профсоюз комитетине ыраазычылыгын айтып, анын иштерине ийгиликтерди каалады.

 

Маалыматты даярдаган: К.Асыранкулов - Базар-Коргон райондук кесиптик бирлик комитетинин адиси