Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим, Сизге таазим!

    Билим берүү жана илим  кызматкерлеринин   профсоюзунун  Жалал-Абад обкомунун  «5-октябрь - билим  берүү  кызматкерлеринин  кесиптик  майрамы»  күнүн  белгилөө  жөнүндөгү  иш-чараларынын  алкагында  облустун   райшааркомдору  тарабынан  майрамдык  аземдер жогорку   уюшкандыкка өткөрүлдү. 

   Обкомдун төрагасы  А.Исмаилов Ноокен  районунунда 2017-жылдын   5-октябрында  Кочкор-Ата   шаарынын  маданият  сарайында “Мугалим, Сизге  таазим!” аттуу майрамдык  иш-чарасына  катышып,   кесиптештерин  куттуктады.

   Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-бад облустук комитетинин төрагасы А.Исмаилов педагогдордун майрамдык салтанатары облустун Жалал-Абад,  Сузак  район, шаарларында жана Жалал-Абад мамлекеттик Университетинде уюшкандыкта өткөрүлүп, мугалимдерге татыктуу сый-урмат көрсөтүлүп жаткандыгына токтолду.

 «Ушундай мыкты иш-чара Ноокен районунда мамлекеттик бийликтин жетекчилиги жана көмөгү менен жалпы педагогикалык жана профсоюздук коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда алардын эмгегине жогору баа берилип жаткандыгы кубанычтуу да, жагымдуу да» деп белгиледи.

  Салтанатта мыкты иштеген эмгек жамааттары белгиленип, алдыӊкыларга обкомдун сыйлыктары тапшырылды. Социалдык өнөктөштөрдүн да баалуу белектери өз ээлерин тапты.

   Аземде катышуучуларга  арналган майрамдык  концерт  тартууланды.

Обкомдун пресс-катчысы: М.Абдыкадырова