Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим, Сизге таазим!

      2015-жылдын 2-октябрь күнү Ноокен районундагы  Кочкор-Ата  шаарынын Маданият  сарайында “Мугалим,  Сизге  таазим!” аттуу билим  берүү  кызматкерлерин кесиптик  майрамына  карата райондук  салтанаттуу  азем  болуп, 415 майрам ээлери  жана  меймандар  катышты.                                           

        Майрамдык  иш-чара “Мугалим,  Сизге  таазим!” темасындагы  видео  тасма  менен башталып, Ч.Айтматовтун “Биринчи  мугалим”  чыгармасынын негизинде тартылган фильминен үзүндүлѳр, райондогу мыкты  мугалимдердин  ишмердүүлүгүнѳн фрагменттер, мугалимдердин  3-съездинде КР  Президенти  А.Ш. Атамбаевтын кутуктосу  жана алдыдагы  милдеттер жѳнүндѳгү баяндамасынан үзүндүлѳр берилди.

     Иш-чарада  КР   Билим берүү  жана илим  министрлигин ѳкүлү, ЖаМУнун 1-проректору, илмимдин доктору, М.Үсенов, Ноокен райондук  мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.К. Осмонов, орун  басары Н.А.Бекжигитова, райБББнун башчысы  Б.С. Козуев, райКБКнын тѳрагасы К.Нышанов, райондук ишкана мекемелердин жетекчилери, айыл  ѳкмѳт башчылары,шаардын мэри куттукташып, сыйлыктарын тапшырышты.

Азем окуучулар тарабынын  даярдалган куттуктоолор  жана  концерт  менен  коштолду. Майрамдык иш-чарада КР   Билим берүү  жана илим  министрлигинин “Билим берүүнүн  мыктысы”  тѳш  белгиси  менен  20, “Ардак  Грамотасы”  менен  40, Облустук “Ардак Грамота”  менен 4, райадминстрациянын “Ардак  Грамотасы”  менен  10, райБББ  менен райКБКнын “Арадак  Грамотасы”  менен 135, Ноокен районунун “Билим  берүүсүнүн  Арагери”  тѳш белгиси  менен 19 , акчалай  сыйлыктар менен 20  ардагер,  сыйланышып билим  берүү  кызматкерлеринин эмгектери бааланды. Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М. Эгембердиев ар бир айыл ѳкмѳттүн бирден 9 мугалимди  Ыссык-Кѳлгѳ эс алуусу үчүн жолдонмо менен сыйлады.

Майрамдык аземдин катышуучулары ѳздѳрүнүн  чын дилден  ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Даярдаган: Ноокен райондук профсоюз комитетинин укук жана эмгекти коргоо  боюнча  тескѳѳчүсү-А.Айдаров.