Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Өмүр бизден өтүп кетсе, Эл эмгектен эскерсин”

Ала-Бука районунун Сарыбаев атындагы № 27 жалпы орто билим берүүчү мектебинде “Өмүр бизден өтүп кетсе, Эл эмгектен эскерсин”деген темада иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Колдошова Салима Сатимовнанын  мектепте, окуу жайында бирге окугандары, жакындары, райондук билим берүү бөлүмүнөн, жергиликтүү депутаттардан өкүлдөр жана мектеп жамааты катышты.

 

Алгач эжекенин өмүр таржымалы тааныштырылып андан соңмектеп директору Акжолова Кайриниса эжеке ачып мектеп боюнча кыскача билдирүү берип Колдошова Салима Сатимовнанын ысмын мектептин усулканасына ыйгарылып жаткандыгын белгилеп жергиликтүү депутаттарга ыразычылыгын билдирди.

Райондук профсоюз комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев  замандашы катары эжекенин жаңы окууну бүтүп келгенинен тартып иштеген учурундагы жасаган иштерине кеңири токтолуп демилге көтөргөн мектеп жамаатына ыразычылыгын билдирип тарбиялык сабактарда эжекенин басып өткөн жолун пайдаланууну сунуштады. Класташтарынан Жолдошова Шайырбү, Окуу жайында бирге окуган Оморов Үсөндөр да эжеке туралуу жакшы сөздөрүн айтышты.

 

Мектеп окуучулары тарабынан уюштурулган концерттик програма тартууланды. Акырында уулу Дүйшөн жалпы катышуучуларга ыразычылыгын билдирип жыйынтыкталды. Эжекенин элеси түбөлүк сакталат.

 

 

Материалды даярдаган: Сарыбаев ат. баштапкы кесиптик уюмдун төрайымы Келдибаева Сонунбүү