Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Министрдин белеги

             2018-жылдын   1-июнь- Балдарды коргоо күнү “ майрамында Кыргыз Республикасынын   Айыл  чарба, кайра  иштетүү жана  суу  чарба  министри Мурашев Нурбек  Мурпазылжанаович кичи  мекени Жалал-Абад  облусунун  Ноокен  районундагы  Сакалды  айыл  аймагынын  Кырыгызстан  айылында жаңы курулуп  бүткөрүлгөн 110  орунду  №42  “Нур-Айым” бакчасынын ачылыш  аземине  катышты.

                Аземге КР  Өкмөтүнүн Жалал-Абад  облусунун  ыйгарым  укуктуу  өкүлүнүн  жетектоочу адиси  А.Р.Камбаров, райадминистрация  башчысы  Э.С.Маматаев, орун  басарлары  К.Ч. Камбаралиев, Н.А.Бекжигитова, “Асылай” коомдук  уюмунун  жетекчиси  Ж.Жаркулова ,    Жалал-Абад  обкомунун  инспектору  А.Айдаров,  райБББнун  башчысы Б.С.Козуев, райКБКнын  төрагасы  К.К.Нышанов, райондук  ишкана , мекемелердин  жетекчилери, айыл Өкмөттөрдүн  башчылыры, айылдык кеңештин  депутаттары,  айылдын ардагерлери,  ата-энелер,  коомчулуктун  өкүлдөрү  катышты.

      Аземди Сакалды айыл  Өкмөтүнүн башчысы  М.Ж.Султанов  ачып, катышуучуларды “1-июнь- Балдарды коргоо күнү “ майрамы менен  жана  жаңы  110  орунду  №42 “Нур-Айым” бакчанын  ачылышы  менен  куттуктады. Бакчанын курулушуна демилгечи болгон  жана 28 млн.  сом  каржыланып, толук бүткөрүлүшүн камсыздаган министр  Н.М.Мурашевке,  курууучуларга, активдүү  катышкан  жарандарга  ыраазычылыгын  билдирди.

         Аземде  Н.М. Мурашев, Ж.Р.Камбаров, Э.С. Маматаев, А.Жунусов, Ж.Жаркулова, Ы.Нышанбаевалар  жаңы  бакча  менен  куттукташып,  каалоо  тилектерин  билдиришти.

            Бакчанын  тарбиялануучулары ыраазычылык  сөздөрүн  жана каалоо  тилектерин  чакан  концерт  аркылуу беришти. Келген  меймандар  бакчанын  жамаатына  белектерин  тапшырышты.

Материалды  даярдаган: Жалал-Абад  обкомунун  инспектору-А.Айдаров.