Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Методикалык жана практикалык жардамдар берилүүдө

       Ноябрь, декабрь айларында обкомдун жана профсоюздук билим берүү борборунун пландарына ылайык обкомдун төрагасы А.Исмаилов, ЖАМУнун профкомунун төрагасы К.Болотбеков Сузак, Чаткал, обкомдун инспектору А.Айдаров  Базар-Коргон, Ала-Бука, обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов Жалал-Абад, Аксы райшааркомдорунда болушуп, аларга жана баштапкы профсоюз уюмдарына методикалык-практикалык жардамдарды беришти.

       Ушул айлыктардын алкагында обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов Аксы районунда (билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Зыябекова, профсоюздун райкомунун төрагасы С.Камчыбеков) болуп, билим берүү кызматкелеринин учур талабына жараша аракеттенишип, социалдык-экономикалык көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча биргелешкен алгылыктуу иштерине күбө болду.

       Райондун Кербен шаарында, Кош-Дөбө, Авлетим, Акжол, Жаӊы-Жол айыл өкмөттөрүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен профсоюз уюмдары Президент тарабынан жарыяланган «Адеп, ыйман, маданият жылында» бир катар иштердин жүзөгө ашырылып жаткандыгы көӊүл кубантарлык жагдай болууда.

       Эӊ негизгиси -  айыл өкмөттөрү, мектеп, мектепке чейинки мекемелердин директорлору менен профсоюз уюмдарынын ортосунда түзүлгөн макулдашуулардын мазмуну тереӊдеп, формасынын ар түрдүүлүгүнө басым жасалып жаткандыгы көӊүл жылыта турган иштерден катарын толуктоодо. Натыйжада профсоюз мүчөлөрүнүн көйгөйлүү маселелери район, шаарлардын ички мүмкүнчүлүгүнө жараша оӊ чечилүүдө.

       Кербен шаарчасында, Кош-Дөбө, Жаӊы-Жол, Ак-Жол айыл өкмөттөрүндөгү билим берүү уюмдарынын, балдар бакчаларынын жетекчилери, профкомдун төрагалары менен семинарлар өткөрүлдү.

       Аларда өнөктөштөр менен жүргүзүлүүчү иштер, мамиле, алаканы чыӊдоо, анын натыйжасында билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө басым жасоо зарыл экендиги белгиленди.

       Профсоюздук документацияны жүргүзүү, профсоюздун массалуугун арттыруу, жалпы эле профсоюздук кыймылдын деӊгээлин жогорулатуу боюнча кеӊири сөз жүрдү.

       Семинарлардын жүрүшүндө А.Бегматов көптөгөн суроолорго жооп берди. Алардын ишин райкомдун төрагасы С.Камчыбеков жыйынтады.