Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Методикалык күн Аксыда

                   Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин Жалал-Абад  облустук  комитетинин  иш  планына  ылайык  2018-жылдын   31-март күнүнүн  2-жармында облустук  профсоюздук  билим  берүү  Борборунун  программасынын  негизинде  Аксы  районунун баштапкы  профсоюздук  уюмдарынын  төрагалары  үчүн 2 тайпага болуп , семинар- окуулар  өткөрүлдү.

               1-тайпада   семинар мектепке  чейинки  билим  берүү  мекемелеринин  баштапкы  профсоюздук   уюмдарынын   төрагаларына төмөнкү темалар: “Баштапкы  профсоюздук уюмдардын ишмердүүлүгүн  уюштуруу”,  “Баштапкы профсоюздук уюмдарда финансалык  иштерди  жүргүзүү”, “Обкомдун 2017-жылдагы иш  аркеттери” боюнча обкомдун  жооптуу  кызматкери  А.Айдаров, обкомдун  финанса  бөлүмүнүн  башчысы  З.Сулаймановтор  маалыматтар  беришип, катышуучулардын суроолоруна  жооптор  берилди.

              2-тайпада   мектептердин  баштапкы  профсоюздук  уюмдарынын  төрагаларына “ Үч тараптуу макулдашууларды  түзүү жана ишке  ашыруунун  жолдору”,  “ Билим  берүү  кызматкерлеринин социалдык-экономикалык,  укуктук кызыкчылыктарын  коргоодогу профсоюздук  уюмдардын  ролу”, “Профлидерлердин  кадыр-баркын көтөрүүнүн , стимул  берүүнүн жолдору” “Обкомдун 2017-жылдагы иш  аркеттери”  темалары боюнча А.Айдаров маалыматтарды  берди. Катышуучулардын  суроолоруна жооптор  берилип, электрондук  вариантта усулдук  материалдар берилди. Мешков  атындагы  орто  мектебинин  баштапкы  профсоюздук  уюмунун ишмердүүлүгү  менен  таанышышып,  тийиштуу  ой  пикирлер  жана  сунуштар  айтылды..

      Профкомдор  жана  Аксы  райкомунун  төрагасы  С.Камчыбеков семинарды  уюштургандыгы  үчүн обкомго  ыраазычылыктарын  билдиришти.   

Материалды  даярдаган: Обкомдун басма  сөз  катчысы-М.Абдыкадырова