Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Методика,тажрыйба,изденүүдөн ийгилик жаралат”

14-апрелинде областтык семинар болуп өттү. Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн К.Осмонкулов атындагы №2 гимназия класстары бар орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Ш.Бегбаеванын иш тажрыйбасы областтык деңгээлде жайылтылды.Жалал-Абад областынын мектептеринен жалпы 40адам окуу бөлумүнүн башчылары катышты. К.Осмонкулов атындагы №2 гимназия класстары бар орто мектебинин тажрыйбалуу мугалимдери С.Медиева,Г.Дооронбекова,А.Рыскулова,Г.Асанбаева,А.Ирсалиева,Н.Урманова окутуунун жаңы усулдарын пайдалануу менен,жаңы технологияларды пайдалануу менен ачык сабактарды өтүштү.Мектептин тарбия иштери боюнча уюштуруучу Х.Мырзаева тарабынан уюштурулган “Тарыхы терең,маданияты кенен кыргыз элим” аттуу адабий музыкалык композиция жогорку деңгээлде болду.Жыйынтыгында,Жалал-Абад  областтык усулдук билим берүү борборунун мектептер бөлумүнүн башчысы А.Гулатов жана усулчу М.Эшбаева тарабынан  семинар максатына жеткендиги белгиленип,мугалимдерге Ардак Грамоталар тапшырылды.Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети тарабынан мугалимдерге эс алуу үчүн “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийине жолдомо тапшырылды.

 

                      

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун

                                                  Таш-Көмүр шаардык комитети