Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мелдеш болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө "концепцияны ишке ашыруу максатында Кызыл-Кыя шаардык билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ортосунда спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өттү.

Ага Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Ж.Маткалыков, шаардын вице мэри И.Бабаев, Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Ж.Матосмонова ачып, оюнчуларга ийгиликтерди каалашты. 

Мелдештин максаты аймактарда спорттун волейбол түрүн жайылтуу, мекемедеги айымдардын ынтымагын бекемдөө.

Жыйынтыгында жеңүүчү командаларга жана катышуучуларга шаардык мэрия жана шаардык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кызыл-Кыя шаардык комитети