Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектептерге жардам көрсөтүлдү

 

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев Өзгөн районуна караштуу М.Разаков атындагы мектеп-интернатына барып, билим берүү уюмунун иши, окуу жана жашоо шарттары менен таанышты, мугалимдер жана мектеп-интернаттын тарбиялануучулары менен пикир алышты. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин областтык комитетинин атынан материалдык (акчалай)  жардам көрсөттү, педагогикалык эмгек жааматына быйылкы окуу жылын ийгиликтүү аяктоону каалады.  Мектеп-интернатнын директору Т.Айткурманов көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Ушундай эле материалдык (акчалай) жардам Өзгөн районуна караштуу В.И.Ленин атындагы №2 мектеп-гимназиясына да көрсөтүлдү. Мектеп-гимназиянын директору М.Дехканбаева кесиптик бирликтин областтык жана республикалык комитетине көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди жана окуу-тарбия ишин жакшыртууга кесиптик бирлик уюму да таасирдүү көмөк көрсөтүп жаткандыгын белгиледи.

 

Маалыматты даярдаган: Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитети