Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектептердин жетекчилиги менен жыйын өткөрүлдү

2018-жылдын 12-декабрында Жети-Өгүз райондук профсоюз комитети райондогу мектептердин директорлору менен жыйын  өткөрдү.

Райондук профсоюз комитетинин төрагасы Ө.Молдокматов азыркы күндө жалпы билим берүү тармагынын профсоюз комитеттери тарабынан аткарылып жаткан иштери, алдыга коюлган максаттары боюнча кеңири маалымат  берди.

Август айында өткөрүлгөн КР Борбордук билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюз комитетинин Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн көчмө пленумун жана кабыл  алынган токтомунун  аткарылышы жөнүндө  түшүндүрдү.

КР Борбордук билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюз комитети тарабынан Тоң районундагы  «Красная Гвоздика»  окуучулардын ден- соолугун чыңдоо борборунун ачылышы менен окуучулардын жайкы эс алуусунун уюштурулушу өткөн жылдарга караганда эки эссе көп болгондугу , ал эми кызматкерлердин эс алуусу жылдан жылга көбөйүп, быйлкы 2018-жылы Борбордук профсоюз комитетинен  29 жолдомо менен 100 дөн ашуун билим берүү кызматкерлери ден–соолугун чыңдашкандыгын  билдирди.

Айылдык кеңештин  депутаттары тарабынан жыл соӊунда Айыл өкмөттүн    2019-жылга карата  бюджети кабыл алынаарын айтып,  билим берүүгө тиешелүү болгон каражаттарды бекиттирип алуу боюнча депутаттар жана айыл өкмөт башчылары менен иш жүргүзүүнү  колго алуу маселесине токтолду жана Борбордук профсоюз комитеттин тиешелүү каты таркатылып берилди.

КР Өкмөтүнүн   №434  18.09.2018–жылдагы жаӊы кабыл алынган “Эмгекке жарамсыздык  жана төрөткө чейинки, төрөттөн кийинки  төлөмдөр” жана “Сөөк коюу төлөмдөрү”  боюнча Токтому  түшүндүрүлүп,   ал  токтомду  ар бир мектептин  электрондук  даректерине профсоюз комитети тарабынан жөнөтүлгөндүгүн айтты.

Жыйындын аягында бир катар суроолор берилип тиешелүү жооптор айтылды. Жыйындын катышуучулары жалпы билим берүү тармагынын профсоюзуна ыраазычылыктарын билдиришти.

 

                                                                         К.Малабекова,

Жети-Өгүзрайондук профсоюз комитетининкызматкери.