Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектептердеги усулдук кааналардын кароо-сынагы аягына чыкты

     2018-жылдын март айында 6 аймактан жеӊүүчү болгон 6 мектептин усул кааналарынын райондук   кароо-сынагынын 2 этабы райондук билим берүү бɵлүмүнүн  атайын буйругунун негизинде түзүлгɵн комиссиянын курамы  карап чыкты.

    Райондук алдыӊкы тажрыйбаларды жыйноо каанасы тарабынан жобо иштелип чыгып, жалпы билим берүүчү мектептердин баарына окуу-жылынын башында таркатылган.  Райондук  кароо-сынак ошол Жобонун негизинде жүргүзүлдү. Жыйынтыгында «Үлгүлүү усул каана» номинациясына № 65  М.Сабиров атындагы орто мектеби, 1 орунга №86 Курманжан датка атындагы комплекс мектеби, 2 орунга № 118 Д.Султанов атындагы негизги жатак мектеби ал эми 3 орунга № 18 Р.Халбаев жана № 111 А.Осмонов атындагы орто мектептеринин  усул кааналары  татыктуу болушту.

    Жеӊүүчүлɵргɵ сыйлыктар Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан уюштурулуп, райондук билим берүү бɵлүмүнүн коллегиясында тапшырылды.