Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектептер ортосунда өткөрүлгөн спорттук мелдештин башкы максаты- суицидке каршы туруу

    Билим берүү кызматкерлеринин Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин колдоосу менен районубуздун борбору болгон Теплоключенка айылындагы Киров атындагы гимназия-мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы Мамбетова Асел демилге көтөрүп, Мамакеев атындагы жана Киров атындагы гимназия-мектептеринин мугалимдеринин жана окуучуларынын  ортосунда  баскетбол, кичи-футбол, волейбол, стол үстүндөгү теннис, шахмат, аркан тартыш боюнча спорттук мелдештер өткөрүлүп жатат.

    Бул спорттук мелдештин негизги максаты дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо,  мектептердин мугалимдеринин жана окуучуларынын ортосундагы ынтымакты бекемдөө жана суицидке каршы мамилени өнүктүрүү болуп саналат.

    Мелдеш 10-февралдан  28-февралга чейин өткөрүлүп, соӊунда  жеӊүүчүлөр райондук профсоюз комитети  тарабынан дипломдор жана белектер менен сыйланат.

    Бүгүнкү күнгө чейин баскетбол оюну боюнча мелдеш аяктап, төмөндөгүдөй жыйынтыктарга ээ болушту:  Мугалимдер арасында 1-орунду Киров атындагы гимназия-мектеби, 2-орунду Мамакеев атындагы гимназия-мектебинин мугалимдери ээлешсе,ал эми окуучулар арасында 1-орунга Мамакеев атындагы гимназия-мектеби, 2-орунга Киров атындагы гимназия-мектебинин окуучулары татыктуу болушту.

    Ал эми калган спорттук оюндун түрлөрү боюнча мелдеш уланууда. Спорттук таймаштын жүрүшүн уюштуруп, көзөмөл кылууда аталган мектептердин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымдары Мамбетова Асел, Чыныбаева Гүлбара уюштуруу тобуна өз жардамдарын көрсөтүшүүдө.

Айжан Төрөева,

 Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин кызматкери.