Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектептер жаңы окуу жылына даяр.

Мектептер жаңы окуу жылына даяр.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу 66 мектеп жаңы 2020-2021-окуу жылына 1-класстын окуучуларын кабыл алганы даяр. Мектептерде СОVID-19 илдетин алдын алуу, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу максатында бир топ иштер жүргүзүлдү. Мектеп администрация тарабынан мектепке окуучулардын дене табын өлчөө үчүн тепловизор, мугалимдер жана окуучулар үчүн кол жуугуч (умывальник), түрдүү антисептиктер жана керектүү каражаттар менен камсыз кылынды.

Мугалимдер Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата «Ансар-Тайп» окуу борборунан оператор-ПК адистиги боюнча билим алышкан. Бүгүнкү күндө алар жаңы окуу жылына карата «Исхак» окуу борбору тарабынан аралыктан окутууга даярдык көрүү максатында аудио-видеосабактарды даярдоо усулу боюнча курстан өтүп, сертификаттарга ээ болушту.

Ошондой эле Учкун айылынын тургуну Шумкар Гапаров менен камсыздаган. 2020-2021-жаңы окуу жылында 1-класска 38 окуучу кабыл алынып, учурдагы кырдаалга жараша талапка ылайык 2 класс даярдалды. Мектеп жетекчилиги тарабынан ата-энелер менен келишим түзүлдү.

Толугураак https://bilim.akipress.org/kg/news:409890/?f=cp