Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектептеги семинар өз максатына жетти

Ак-Суу районундагы М.Калиев атындгы орто мектебинде «Мугалим менен окуучунун ынтымагы – билим берүүнүн ийгилиги» деген темада мектеп директорлорунун райондук семинары болуп өттү. Семинарга райондогу 35 мектептин директорлору толук катышышты.

Семинардын максаты – компетенттүү мугалим берген билимдин натыйжасында окутуу процессинде окуучулар алган билимин иш жүзүндө пайдалана билүүгө багыттайт. Күтүлүүчү натыйжасы – окуучулар менен мугалимдердин ортосундагы бири-бирин түшүнүүсүнүн натыйжасында ийгиликтерге жетишүү болуп саналат.

Семинардын жүрүшүндө ачык сабактар, тарбиялык сааттар өткөрүлдү. Өзгөчө математика, тарых, баштапкы аскердик окутуу боюнча ачык сабактары жана «Жеңиш ыры», «Ата-энелер мектеби», «Бактылуу балалык» аттуу тарбиялык сабактар семинардын катышуучуларынын мактоосуна татыктуу болду. Семинардын жыйынтыгында Ашубаев, Асанбаев жана Эшимбеков атындагы орто мектебинин директорлору Г.Кайыпова, Т.Атыгаев, К.Акунова жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан сунуштар, пикирлер жана каалоолор айтылып, бул иш-чара өз максатына жеткендиги баса белгиленди.

 

Маалыматты даярдаган: Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Н.Дабаева