Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектепте музей ачылды

Жакында  Ысык-Кѳл областына караштуу Ак-Суу районундагы Досалы Туратбеков атындагы орто мектебинде мектеп ысымын алып жүргѳн Д.Туратбековдун музейи салтанаттуу ачылды.  Музейге кыргыз элине белгилүү бул инсандын жашоо-турмушунда колдонуп келген буюмдары, эмгек жолундагы сүрѳттүү кѳз ирмемдер, кийим-кечелери, иш кагаздары, орден-медалдары жана Ардак грамоталары коюлду.

Досалы Туратбеков Ак-Суу районундагы Боз-Булуң айылында туулуп-ѳсүп, ушул айылдан чыккан эң алгачкы интеллигенциянын ѳкүлү катары белгилүү. Ал эмгек жолунда кѳптѳгѳн жогорку кызматтарда иштеп кыргыз мамлекети, эли үчүн татыктуу эмгек ѳтѳгѳн. Атап айтсак - Кыргыз ССРинин жер маселелери боюнча эл комиссары,  Ысык-Кѳл жана Фрунзе областтык аткаруу комитеттеринин тѳрагасы, айыл чарба министринин орун басары жана башка жооптуу кызматтарды ийгиликтүү аркалап, жемиштүү  иштеп келген. Ал СССР Жогорку Советинин эки жолку, Кыргыз ССР Жогорку Советинин бир канча чакырылышынын депутаты болгон. Үзурлуу эмгеги ѳкмѳт тарабынан жогору бааланып  эки Эмгек кызыл туу, Ата Мекендик согуш, Ардак белгиси ордендери жана бир катар медалдар менен сыйланган.

Кыргыз элинин татыктуу уулдарынын бири болгон Досалы Туратбековдун ысмын жердештери ѳз айылындагы орто мектепке 2007-жылы ыйгарышкан жана ошол мезгилден баштап эле музей ачуу маселеси кѳтѳрүлүп келе жаткан болучу. Тилекке каршы мектептин имараты эски, анын үстүнѳ бѳлмѳлѳр жетишсиз болгондуктан бул маселе улам кийинкиге жылдырылып калчу. 2012-жылы айылга жаңы, жарашыктуу мектеп, спорт залы менен бирге салынып пайдаланууга берилген. Мына ошол мезгилден баштап мектеп директору, билим,илим кызматкерлер профсоюзунун отличниги Махабат Кудайбергенова менен тарых мугалими, профкомдун тѳрайымы Света Дүйшеева бул ишти колго алышкан. Атайын бѳлмѳ бѳлүнүп берилип, музейге ылайыкталып жабдылган соң Досалы Туратбековдун буюмдары, документтери чогултулду. Бул ишке ѳзгѳчѳ Д.Туратбековдун кызы Зина эже чоң салым кошуп кѳптѳгѳн баалуу материалдарды музейге экспонат катары ѳткѳрүп берди.

Музейди ачуу салтанатына Досалы Туратбековдун уулу Эрнис, кызы Зина үй-бүлѳлѳрү менен келишти. Айыл тургундары толугу менен катышышты жана областтык, райондук мамлекеттик администрациясынан, райондук билим берүү бѳлүмүнѳн, айыл ѳкмѳтүнѳн официалдуу адамдар келишип сѳз сүйлѳштү. Алар ѳз сѳздѳрүндѳ музейдин ачылышы мектеп окуучуларын патриоттук духта тарбиялоого чоң салым кошоорун, райондун эли, Боз-Булуң айылынын тургундары белгилүү инсан жердеши менен сыймыктанууга шарт түзүлѳѳрүн баса белгилешти.

Д.Туратбековдун үй-бүлѳсүнүн атынан кызы Зина эже мектеп жетекчилигине, айыл тургундарына чоң ыраазычылыгын билдирди жана кийинки окуу жылынан баштап жакшы окуган окуучуларга стипендия бериле тургандыгын, мектепке колдон келген жардамдар кѳрсѳтүлѳ тургандыгын айтты. Андан соң кызыл лента кесилип, бул салтанатка келишкендер музейдин жасалгасы менен таанышышты.

 

Айта кетүүчү маселе- аталган мектептин баштапкы профсоюз уюму 2012-жылы Кыргызстан профсоюздар Федерациясы тарабынан уюштурулган «Жылдын мыкты баштапкы профсоюз уюму» кароо-сынагына активдүү катышып 1-орунду жеңип алуу менен атайын диплом жана баалуу белектер менен сыйланышкан. Мектептеги бул музейдин уюштурулушуна да профком С.Дүйшеева баш болгон профкомдун мүчѳлѳрү салмактуу салымдарын кошушту деп айтсак туура болмокчу.

Э.Садабаев,

 Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин тѳрагасы.