Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектепте отчеттук – кайра шайлоо чогулушу өттү

Отчеттук мезгилдин ичинде профсоюз мүчөлөрүнүн укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча аткарылган иштери жөнүндө 2021-жылдын 29-мартында Баткен районундагы С.Эрматов атындагы орто мектебинин профсоюз уюмунун төрайымы Жапарова Канышай коллективдин алдында отчет берди. Беш жылдын ичинде билим берүү кызматкерлеринин, алардын балдарынын эс алуусун уюштурууда алгылыктуу жумуштар аткарылган. Акыркы үч жылдан бери кызматкерлер иштөөгө бардык шарты бар жаңы мектепте эмгектенип келишет. Иштеп жатышкан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге профсоюз уюму тарабынан материалдык жардам көрсөтүлүп турат. Профсоюз уюму мектеп жетекчилиги менен бирдикте үч тараптуу макулдашууда белгиленген милдеттенмелердин толук аткарылышына жетишкен.

Төрайым Жапарова Канышайдын отчеттук мезгилде аткарган иши канаатандырарлык деп табылды. Уюмдун жетекчилигине 7 талапкер сунушталып, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен мектептин мугалими Токтобаева Санавар С.Эрматов атындагы орто мектебиинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы болуп шайланды. Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирликтин Баткен райондук комитетинин төрагасы А.Зайитов жаңыдан шайланган төрайымга, коллективдин ишине ийгиликтерди каалады.

 

Материалды даярдаган: Баткен райкомунун төрагасы А.Зайитов