Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектепте насаатчылары менен бирдикте жаш адистердин ортосунда сынак өттү

Мугалим сокурга – көз, дүлөйгө кулак, караңгыга – чырак, жан дүйнөгө – азык берет эмеспи. Караңгыны жарык кылган шам чырак, көөдөнгө үрөөн сепкен инсан. Мугалим жалгыз гана окуучуга билим, тарбия бербестен жалпы улуттун келечегинин пайдубалын бекемдейт.

Мугалим - бул тажрыйбалуу психолог, кереметтүү акын, даңазалуу актер, теңдеши жок жардамчы жана эң башкысы- чыныгы дос демекчи мугалимдик иш – түйшүктүү иш, аны менен катар эле сыймыктуу иш!

Мугалим бул - биздин жашоого жол көрсөтүп, багыт берген, келечек ээлерине билим берген, дүйнөнүн сырларын ачкан адам болуп эсептелет. Мугалимдер коомдун жана мамлекеттин түркүгү демекчи ар бир инсандын дүйнө таанымына чыйыр жол салган бул-мугалим. Мугалим мөмөлүү дарак сыяктуу, окуткан окуучулар ар кандай кесип ээлери болуп иштешет.

Демек, мугалимдин мөмөлөрү окуткан окуучулары. Эгер мугалим жакшы билим берип, тарбия берсе түшүмү жемиштүү болот. Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясында башталгыч класстарынын жаш мугалимдери менен насаатчыларынын арасында арасында "Жылдын мыкты мугалими-2021" таймашы болуп өттү. Таймашка төмөнкү аты аталган мугалимдер катышышты:

1.Нуралиева Назгүл

2.Эркинбай к Бегимжан

3.Оморова Мээрим

4.Мусулманова Гүлчехра

5.Курамаева Наргиза

6.Жумаева Гулиза

7.Токтосунова Жайнагүл

8.Токтосунова Бурулсун

9.Өмүракунова Элиза

1-тапшырмада ачык сабактар өтүлдү. (буйрукта көрсөтүлгөн ыкмалардын негизинде)

2-тапшырма:

"Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт" китебинен тренингдерди өтүштү.

3-ташырма: Методикалык изилдөөчүлүк иш:" Мугалимдин усулдук устаканасы" деген темада устаты менен биргеликте 5 мүнөттүк презентация жасашты.  Жыйынтыгында башталгыч классынын мугалими Эркинбай кызы Бегимжан   " Жылдын мыкты " мугалими деп табылды. Ал эми 1-орунга Курамаева Н, 2-орунга Токтосунова Жайнагүл, 3-орунга Жумаева Г., Токтосунова Бурулсун ээ болушту.

 

Материалды даярдаган: Кара-Көл шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Каракозуева Айгуль