Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектепте коопсуздуктун сакталышынын абалы менен таанышып, көмөк берүү иш-чарасы

2021-жылдын 17-февраль күнү  мектептерде техникалык коопсуздуктардын сакталышы боюнча жеринен таанышып, керектүү багыттарды берүү  иш-чарасы  болуп өттү.

Билим  берүү  тармагында негизги милдеттердин бири, бул- техникалык коопсуздуктарын сакталышын камсыздоо жана  кызматкерлерге, окуучуларга  коопсуздуктардын сакталышын үйрөтү, алар үчүн окуу материалдар,  бурчтар, көргөзмөлөр илинип, окутуу  болуп  саналат.

Базар-Коргон райондук билим берүү  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин комитетинин   төрагасы  С.  Жаркынбаев  мектептерде  коопсуздуктун  сакталышынын абалы менен таанышып чыкты жана пайдалуу кеңештерди айтып өттү.

Мектептин жамаатты райкомдун  төрагасына   кабар алып келгендиги  үчүн     жакшы тилектерин айтышып,   ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

 

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов