Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо жана коопсуздук чараларын уюштуруу» темасында райондук семинар өткөрүлдү

              2016-жылдын   23-ноябрында  Ноокен  районунун  №22  “Гулкайыр”  бакчасында «Мектепке  чейинки  мекемелерде  эмгекти  коргоо  жана  коопсуздук  чараларын  уюштуруу» темасында  бакчалардын  директорлорунун  райондук  семинары  болуп  өттү.  Семинардын  1-  бөлүгү  « Мен  бакчамды  сүйөмүн”  атуу адабий  композиция  менен  башталып,  жогорку  тайпада  математика  сабагына катышып анализ  берүү  менен  аяктады.     2-болугунда бакчанын  директору, райондук   комитеттин  эмгекти  коргоо  боюнча коомдук  тескөөчүсү  Ф. Аджибекова  “Мектепке  чейинки  билим  берүү  мекемелеринде эмгекти  коргоо  жана  коопсуздук  иштеринин  жүргүзүлүшү”  темасында  слайттар  менен  усулдук  материалдарды  берип  бакчанын  мисалында көрсөтүп  берди.  Семинарга  райБББнун  башчысынын  орун  басары  А.Каримова,  райКБКнын  төрагасы   К.Нышанов , райБББнун  бакчалар  боюнча   куратору  М.Абдсаматова,  32  бакчанын  директорлору  катышты. Семинарда  райКБКнын  тескөөчүсү  А.  Айдаров  кошумча  нормативтик  документтер  жөнүндө  маалыматтар  берип,  32 мектепте  жана   5 бакчада коопсуздук  чараларын   жакшыртуу үчүн  видео  көзөмөлдөр  коюлгандыгын  белгилеп өттү. Директорлордун  суроолоруна  жооптор берип, А.Айдаров  семинарды  жыйынтыктады.

Материалды  даярдаган,  №16  Ж.Турусбеков  атындагы  орто   мектебинин   профкому,  райКБКнын эмгекти   коргоо  боюнча коомдук тескөөчүсү-   Нургул  Тагаева.