Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектеп директорлорунун ортосундагы тажырыйба алмашуу жана достук мелдеш

Жакында Алай районуна караштуу Күн-Элек айылындагы Сатар Карыев атындагы №35 орто мектебинин спорт зал базасында Алай жана Чон-Алай райондорунун мектеп директорлорунун ортосунда волейбол боюнча жолдоштук беттеш болуп өттү.

Жолдоштук беттешке Алай районунун мектеп директорлорунан жана билим берүү бөлүмүнүн, профсоюз комитетинин кызматкерлеринен түзүлгөн 3 команда Чон-Алай районунун  мектеп директорлорунан түзүлгөн 2 команда катышышты.

Жолдоштук беттештин башталышында алгач Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.О.Мусаев, Чон-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы П.Бактыбаев, билим берүү кызматкерлеринин Алай райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.К.Абдыкадыров, Чон-Алай райондук профсоюз комитетинин төрагасы К.Ташмаматовдор чыгып сүйлөшүп, өз сөздөрүндө учурдагы 2 район 1992-жылда бирдиктүү бир район болуп келгендигин, каада-салттары, карым-катнаштары жакындыктарына токтолушту.

Чон-Алай районунан келген жетекчилер, мектеп директорлору алгач С.Карыев атындагы орто мектебинин окуу-тарбия иштери, документациялары, класстардын жана залдардын учур талабына ылайык жасалгалары менен кеӊири таанышып чыгышты.

Жолдоштук беттеште профсоюз мүчөлөрүнө, мектеп жетекчилерине дем берүү максатында билим берүү кызматкерлеринин Алай райондук профсоюз комитети тарабынан 10 000 (он мин) сом кызыктыруучу сыйлык коюлуп берилди.

Жолдоштук беттештин жыйынтыгында I орунду Алай-1 командасы камсыздап 3000 (үч мин) сом, II орунду камсыздашкан Алай-2, Чон-Алай-1 командалары 2000 (эки мин) сомдон,  III  орунду камсыз кылышкан Алай-3, Чон-Алай-2 командалары 1500 (бир мин беш жүз) сомдон сыйлыктарга татыктуу болушту.

Ошондой эле  жолдоштук беттештин тыныгуу учурларында С.Карыев атындагы №35 орто мектебинин директору Э.Пазылов жетектеген мектептин эмгек жааматынын өздүк көркөм чыгармачылык тобу катышуучуларга музыкалык маанай тартуулашты. Мында балдардын чыгармачылык борборунун директору З.М.Сарыбаевдин чыгармачылык топту түптөдөгү   эмгегин аны мыкты денгээлде улантып жатышкан шакирттеринин эмгектерин өзгөчө белгилөөгө  болот.

Чыгармачылык топтун өзгөчө эмгегин баса белгилөө менен Чон-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы П.Бактыбаев чыгармачылык топту Чон-Алай районуна чыгармачылык тажрыйба алмашуу үчүн атайын чакыруу жасады.

Иш тажрыйба алмашуу менен айкалышкан достук мелдеш ийгиликтүү, пайдалуу маанайда өтүп, эки райондун мектеп жетекчилеринин байланыштарынын арттырды.

 

 

Материалды даярдашкан:
М.Качкынбаев, Алай районундагы мектеп директорлорунун секция жетекчиси,
А.К.Абдыкадыров, Алай райондук профсоюз комитетинин төрагасы