Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЖАЙКЫ ЭС АЛУУДА

      Баткен районундагы мектептер арасында өткөн “Мыкты социалдык өнөктөш – мектеп жетекчилиги-2015” райондук кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү болгон  мектеп жетекчилери Баткен-Сары-Челек- Арстанбап-Баткен машрурту боюнча дем алуу экскурсиясына жөнөтүлдү. Экскурсия Баткен РКП тарабынан уюштурулуп, ага 18 алдыңкы  мектеп жетекчиси катышышты. Мектеп жетекчилери  Сары-Челекте, андан кийин Арстанбапта болушуп, 3 күндүк экскурсияны оюн-зоок менен коштоп кызыктуу эс алып кайтышты.  Экскурсиянын каражаты үчүн Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинен 13 500 сом, айыл өкмөттөрүнөн 36 000 сом бөлүндү, жалпы каражат 49 500  сомду түздү.  

РКПнын жетектөөчү  адиси                                         Б.Абдыразакова