Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектеп окуучулары үчүн Республикалык олимпиаданын райондук этабы өтүп жатат

2021-жылдын 24-февралында Базар-Коргон районундагы А.Нишанбаев атындагы №2 орто мектебинде Республикалык олимпиаданын райондук этабы  болуп өттү. Мектепте олимпиаданын жакшы деңгээлде өтүшү үчүн окуучуларга ыңгайлуу шарттар уюштурулду. Олимпиада төмөндөгү жалпы билим берүүчү предметтер боюнча өткөрүлүп жатат: 

 - кыргыз тили жана адабияты,

 - орус тили жана адабияты,

 - англис тили,

 - математика,

 - информатика,  

 - физика,

 - химия, биология,   

 - география, тарых.

Олимпиаданын ачуу аземине райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Сариев, билим берүү жана илим кызматкелеринин  профсоюзунун Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев,  райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери, мугалимдер жана Базар-Коргон районундагы 63 мектептен олимпиадага келген 9-10-11-класстарынын окуучулары катышты.

 

Райкомдун төрагасы С.Жаркымбаев олимпиаданын негизги максаты: жөндөмдүү окуучуларды  аныктоо, алардын билимине, чыгармачылыгына көмөктөшүү, олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдаган жогорку квалификациялуу чыгармачыл мугалимдерди аныктоо жана колдоо экендигин билдирип, окуучуларга   олимпиаданы жакшы тапшырып, алдынкы  бааларды  алышына  ийгиликтерди  каалап кетти.

 

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов