Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектеп-интернатына материалдык жардам көрсөтүлдү

2021-жылы облустагы. райшаарлардагы мектеп-интернаттарын колдоо иретинде 2021-жылдын 14-апрелинде Араван районуна караштуу А.Тургунов атындагы №23 мектеп-интернатына билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош облустук комитети тарабынан акчалай материалдык жардам көрсөтүлдү. Материалдык жардам акчаларын облустук комитеттин төрагасы С.Тойгонбаев, Араван РПКнын төрагасы Б.Турдубаев барып тапшырышты. Көрсөтүлгөн материалдык жардам үчүн мектеп-интернатынын директору П.Ирисбоев, баштапкы профсоюз уюмунун төраймы Ш.Ахмедова чыгып сүйлөшүп мектеп-интернатынын педагогикалык-эмгек жааматынын атынан ыраазычылыктарын айтышты.

 

Материалды даярдаган: Ош облпроф комитети