Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектеп директорлору сыйланды

Ысык-Көл областынын Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүндө 2023-жылдын жыйынтыгын чыгаруу менен 2024-жылдагы негизги аткарыла турган иштер жөнүндө мектеп директорлорунун өндүрүштүк жыйыны болуп өттү.

Жыйынга билим жана илим кызматкерлеринин Ак-Суу райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Э.Садабаев катышып, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинде болуп өткөн пленумдагы каралган маселелер, Борбордук комитеттин жаңыдан шайланган төрагасы А.Д.Султанбаевдин Ысык-Көл областынын райондук, шаардык комитеттери менен жолугушуулары, кесиптик бирликтин алдыдагы максаттары, мектеп директорлору, баштапкы кесиптик бирлик уюмдары менен иштешүүнү жакшыртуу маселеси тууралуу кеңири маалымат берди.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси А.Турсунбаева, мектеп директорлору Р.Чогулдурова,  жана С.Урманаев райондук кесиптик бирлик комитетинин ишине жогорку баа берүү  менен, райондун билим тармагында ийгиликтерди жаратууда биргеликте аракеттер көрүлөрүнө тургандыгын билдиришти.

Жыйындын соңунда кесиптик бирликтин төрагасы Э.Садабаев жыл жыйынтыгында жакшы көрсөткүчтөрдү жаратып баштапкы кесип бирликтери менен биргеликте алгылыктуу иштерди алып барышкандыктары үчүн беш директорго Борбордук комитеттин Ардак Грамотасын, сегиз директорго «Кесиптик бирликтин мыктысы» төш белгилерин салтанаттуу түрдө тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ак-Суу райондук комитетинин кызматкери Жибек Жунушева