Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектеп активистери эс алууга жөнөтүлдү

Базар-Коргон районундагы мектептердин өнүп-өсүшүнө салым кошкон активдүү мугалимдерибиз бар. Алар, Б.Осмонов атындагы №6 гимназиянын мугалими Айтматов Анарбек Тайлакович жана Кош-Терек негизги мектебинин директору Убайдуллаев Рустам Мухамадалиевичтер.

А.Т.Айтматов бир канча проектилерди мектепке тарткан: окуучулар үчүн отургучтарды, ашканага керектүү буюмдарды, столдорду алып берип, волонтерлор менен иштеп  мектептин  тышкы аянтына брусчатка бастырып, кудук курдуруп берген.

Р.М.Убайдуллаев мектептин спорт залынын курулушуна салым кошуп, мектеп үчүн кошумча кеңсе жана ашкана курулуштарына аракет кылып жаткан кези.

Райкомдун  төрагасы С.Жаркынбаев жогорудагы мугалимдерди  билим берүү тармагына кошкон зор салымдары үчүн куттуктап, Кочкор-Ата санаториясына эс алып келүү үчүн жолдомо тапшырды.

Материалды  даярдаган: райкомдун инспектору  К.Асыранкулов