Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мекенди коргоо - ыйык милдет

15-22-февраль күндөрү Ноокен районундагы билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик уюмдары жана жаштар кеңештери тарабынан 15-февраль - Афганчылар күнү жана  23-февраль - Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата  бир катар иш чаралар өткөрүлдү.

Анда концерттик программалар тартууланып, тегерек столдор, спорттук мелдештер жана жолугушуулар  уюштурулду.

Иш-чараларга афган согушунун, Баткен, Чернобль окуяларынын катышуучулары,  райондогу аскер комиссариатынын кызматкерлери жана чек ара кызматынын кызматкерлери  чакырылды.

Аскерге чейинки даярдык сабагы боюнча 10-11-класстын окуучулары  өз чеберчиликтерин көрсөтүшүп, келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты. Келген конокторго, агайларга каалоо-тилектер айтылып, белектер тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бириктин Ноокен райондук комитети