Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Медицина факультетинин ординаторлору, студенттери Түркиянун университеттеринде стажировкада

Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинен 15 ординатор, 7 студент “Мевлана” программасынын алкагында  Түркияга стажировкага жөнөп кетишти.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда биринчилерден болуп ОшМУ Түркиянын “Мевлана” программасы аркылуу 2015-жылы медицина багытында квота бөлдүрүүгө жетишип, Ак-Дениз, Ататүрк, Иззат Байсал, Сивас университеттери менен протоколдого кол коюлган.  “Кийинки жылдардан мындан көп ординатор, студенттерди жөнөтүү пландаштырылып жатат. Бул багытта Түркиянын бир нече ЖОЖдору менен протоколдор түзүлүп, студенттер, ординаторлор түрк тилин үйрөнүп жатышат”,-деди аталган программанын координатору Р. Калматов.