Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Медиа өнөктөш СуЛей-инфо газетасына 7 жыл

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитети жергиликтүү ММКтары менен тыгыз байланышта иштешип келет. Алардын бири “СуЛей-инфогазетасы 2018-жылдын 16-ноябрында Исфана шаарында 7 жылдыгын белгиледи. Бул иш чарага КРнын ЖКнин депутаты Т.Г.Тиллаев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мекеме жетекчилери,  окурмандарынын көпчүлүгүн түзгөн  райондун билим берүү мекемелеринин жетекчилери чакырылган. Иш чаранын жүрүшүндө ыраазычылыктар айтылып, газетанын башкы редакторуна, жалпы эмгек жамаатына сыйлыктар тапшырылды.

 

Даярдаган Марина Сагалиева