Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Материалдык жардам

Баткен областында 2022-жылдын 14-16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек ара жанжалында Баткен районунан 126 билим берүү кызматкерлеринин үйлөрү жабыркап, анын ичинен 77  билим берүү кызматкерлкеринин үйлөрү толук күйүп кеткен. Лейлек районунан 94 билим берүү кызматкерлеринин үйлөрү жабыркап, анын ичинен 19  билим берүү кызматкерлкеринин үйлөрү толук күйүп  кеткен.

Билим жана илим кызматкерлеринин кенсиптик бирлигинин Баткен областтык комитети тарабынан, областтагы райондук,шаардык профсоюз комитеттери менен биргеликте үйлөрү толук күйүп кеткен Лейлек районундагы билим берүү кызматкерлерине, Баткен районундагы билим берүү кызматкерлерине  материалдык жардамдар берилди.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин төрагасы А.Зайитов,Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Мажилимовдор, Баткен шаарындагы Баткен көп тармактуу коллдежинин спорт залында, Баткен шаарындагы №57 кесиптик лицейдин жатаканасында жашап жаткан Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Б.Ходжаев атындагы орто мектебинин, Достук айылындагы Достук орто мектебинин, Мин–Өрүк айылындагы Мин Өрүк орто мектебинин мугалимдеринен кабар алышып материалдык жардамдарды тапшырышты.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен областтык профсоюз комитетинин адиси Гапрали уулу Мансур