Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Материалдык жардам көрсөтүлдү

Социалдык тармактарда резонанс жаратып, мугалимдер жана ата-энелер тарабынан ур-токмокко алынды деп жарыяланып ооруканада жаткан Сузак районундагы Бабур атындагы №5 билим берүүчү орто мектебинин кыргыз тил жана адабияты мугалими А.Имановадан Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы М.Примкулов, уюштуруу бөлүм башчысы А.Бегматов жана Сузак райондук комитетинин төрагасы Н.Урайимов биргеликте кабар алып, материалдык жардам көрсөтүштү.

 

Төрагалар биргеликте ишти тергеп жаткан Сузак райондук Ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Э.Шаирбеков менен жолугушту. Ошондой эле Бабур атындагы №5 билим берүүчү орто мектебинин директору А.Касимов жана баштапкы профсоюз уюмунун төрагасы Д.Кадиркулов менен жолугушуп, окуянын жүрүшү жөнүндө маалымат алышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сузак райондук комитети