Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Материалдык жардам көрсөтүлдү

2023-жылдын   3-декабрында  Жети-Өгүз  районунунун   Дархан айылындагы Кудайберген Саалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин тарых сабагынын  мугалими Чолпон Орозобекованын  үйү электр зымдарынан улам  от чыгып толук күйүп кеткен.

Жети- Өгүз райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы  Ө.Молдокматов,   райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  М.Асанкожоев,  Кудайберген Саалиев атындагы жалпы орто мектебинин мектеп директору Г. Кокоева   жана башталгыч кесиптик бирлик уюмунун төрагасы Б. Аламанов Ч.Орозобекова менен жолугушушту.

Жолугушууда  айыл-өкмөтү, мектеп жааматы, айыл жаштары жана камсыздандыруу  бөлүмү  тарабынан  күйгөн  үйдү  толук бузуп, кайра жаӊы үй курууга жардам берүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгы айтылды.   

Ошондой эле Жети- Өгүз райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Ө.Молдокматов  райондук кесиптик бирлик комитетинин  президиумунун  чечиминин негизинде   Ч. Орозобекова материалдык жардам көрсөттү.   

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин   Жети- Өгүз райондук комитети