Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Математикалык маселерди чыгарууда атайын ыкмаларды колдонуу

Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы А.Атамов атындагы №12 жана А.Юсубалиев атындагы №10 жалпы билим берүүчү орто мектептеринде эки күндүк областык семинар болуп өттү.

Биринчи күнү А.Атамов атындагы №12 жалпы билим берүүчү орто мектебине облустун Аксы, Ноокен, Чаткал райондорунан математика мугалимдери жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары усулдук кабинеттеринен өкүлдөр жана райондун математика мугалимдери мектеп жетекчилери жалпы алтымыштан ашык коноктор катышты. Семинардын биринчи күнүндө мектеп директору Турдалиев Хайдаралы агай ачып мектептин тарыхына кыскача токтолду андан сон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдукулова чынара сүйлөп семинардын ишине ийгиликтерди каалады. Мектеп жааматы тарабынан даярдалган кыскача концерттик програмадан кийин жалпы конокторго мектептин жалпы жасалгасы жана класстык бөлмөлор менен тааныштырылды. Математика мугалимдери тарабынан даярдалган ачык сабактарга катышкан коноктор жыйынтыгында ырызычылыктарын билдирип пайдалуу жактары көп болгонугун айтышты.

Экинчи күнү А.Юсубалиев атындагы №10 жалпы билим берүүчү орто мектептебинде улантылып мектептин жалпы тарыхы сахналаштырылып көрсөтүлдү эки тилде мугалим окуучулар тарабынан уюштурулган кыскача көрүнүштөр ыр бийлер тартууланды, андан соң ачык сабактар өткөрүлдү эки күндүк семинардын жыйынтыгында райондук мамлекетик администрациясынын өкүлү Батыров Жуман облустук усулдук борборунунөкүлү Жолдошова Жамиля райондордон келген бөлүм башчылар семинар боюнча жакшы ой пикирлерин айтышып эки мектептин тең жааматтарына ыразычылыктарын билдиришип көптөгон жакшы жактарын алып кетишкендиктерин билдиришти. Райондук профсоюз комитетинин төрагасы эки мектептин жааматына ийгилик каалап сабак откон мугалимдерге кызыктыруучу белектерин тапшырды. Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдукулова ардак грамоталарды жана ырызычылык каттарын тапшырып жыйынтык сөзундө мектеп жааматтарына жана конокторго ыразычылыгын билдирди. Мектеп жааматы келген конокторго ыразычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Баштапкы кесиптик уюмунун төрайымдары Г.Ахмедова жана И.Давронбаева