Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Манас таануу» таймашы жаштарга дем – күч берет

2021-жылдын 17-февраль күнү Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан “Манас таануу” интеллектуалдык таймашы болуп өттү. Таймашка райондогу бардык жалпы билим берүү мектептеринен  47 тайпа келип катышты. Өткөн окуу жылынан бери “Манас” эпосун даңазалоо максатында өткөрүлүп келе жаткан бул иш чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Ж.Атибаев, кыргыз тили жана адабияты мугалимдери, ата-энелер жана жаштар келип катышты.

 

Таймаштын жүрүшүндө экиден топтор чыгышып, ар бир топко бештен суроо берилип, жыйынтыгында эң жогорку балл алгандар жеңүүчү болушту.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер арасында

1-орунду №30 Б.Дамашев атындагы орто мектеби;

2-орунду №18 Молдалиев атындагы орто мектеби;

3-орунду №8 Орозматов атындагы орто мектеби; №31 Татыкулов атындагы орто мектеби;

Окутуу орус, өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептер арасында:

1-орунду №16 Турусбеков атындагы орто мектеби;

2-орунду №2 Ногоева атындагы орто мектеби;

3-орунду №3 Алибаев атындагы орто мектеби;

Жыйынтыгында уюштуруучулар тарабынан даярдалган Ардак грамоталар, белектер берилди. Ал эми райондук мамлекеттик администрация тарабынан да окуучуларга кызыктыруучу белектер ыйгарылды.

 

Ноокен райБББнүн адиси Г.Андарова