Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Манас таануу» сынагы

Ак-Суу районундагы М.Жусупов атындагы орто мектепте Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы "Манас" эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана эл арасында жайылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында мектеп окуучулары арасында "Манас таануу" интеллектуалдык таймаш жана "Жаш манасчылар" кароо-сынагынын райондук туру уюштурулуп, райондун бардык мектептеринин жана бала бакчаларынын катышуусу менен өткөрүлдү.

Кароо-сынактын калыстар тобуна райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Гүлзат Суранчиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Иманалиев, райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы  Эсен Садабаев жана Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков, төкмө акын Эсенбек Кийизбаев баштаган манасчылар жана акындар келип катышышты. Интеллектуалдык таймаш жана «Жаш манасчылар» кароо-сынагы жогорку денгээлде өткөрүлүп мыкты деп табылган окуучуларга "Манас" китептер белекке берилип, республикалык «Манас» театрынын дипломдору менен сыйланышты.

Ал эми райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан «Гран-при» сыйлыгынын ээси болгон Ы.Туманов атындагы орто мектептин 1-2-3-орундарга татыктуу болушкан А.Ракымов, М.Рахимова, М.Мамакеев жана Кызыл кыя орто мектептеринин командаларына, аларды сынакка даярдаган мугалимдерге акчалай сыйлыктар жана баалуу белектерди тапшырышты. Райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Э.Садабаев кесиптик бирлик тарабынан райондун аймагында өткөрүлүп жаткан билим тармагынын бардык иш чаралары дайыма колдоого алынарын белгиледи.

Интеллектуалдык таймашка райондун 35 мектебинен 1 ден команда - бардыгы 105 окуучу, ал эми "Манас айтуу" кароо-сынагынына 70 окуучу катышып,1-2-3-орун алган окуучулар областтык турга жолдомо алышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ак-Суу райондук комитети