Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Манас таануу" интеллектуалдык таймашы

Кыргыз Республикасынын "Манас" эпосу жөнүндөгү 2011-жылдын 28-июнундагы №59 Мыйзамынын негизинде эпосту жайылтуу, өркүндөтүүнү натыйжалуу камсыз кылуу максатында Ысык-Ата райондук билим берүү тарабынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучулары арасында "Манас таануу" интеллектуалдык теле таймашынын райондук туру өткөрүлүп, райондук 20 бала бакча катышып, жеңүчүүлөрү аныкталды.

Апрель айында 2024-жылы Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациянын чоң залында жеңүүчүлөргө салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Нурбек Сагынбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бакашова, райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Бактыгуль Тыныбекова жана бала бакчалардын директорлору катышты.  Жетекчилик тарабынан куттуктоо сөздөрү айтылып. Ысык-Ата райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин бюджетинен сынактын жеңүүчүлөрүнө, катышуучуларына акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ысык-Ата райондук комитети