Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Манас, Семетей, Сейтек уюмдары

Ысык-Ата районунун Ивановка айыл аймагындагы Ч.Айтматов атындагы Ивановка № 1-жалпы билим берүү орто мектеп-гимназиясында Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиевдин демилгеси менен уюштурулган “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” уюмдарына мектептин алдыңкы окуучуларын кабыл алуу иш-чарасы район боюнча старт алып, окуучуларга салтанаттуу түрдө төш белги тагылып, жагоо байланды. Иш-чарага райондун акими Алмазбек Осмонов, орун басары Нурбек Сагынбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бакашева жана Ысык-Ата районунун билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Бактыгуль Тыныбекова катышты. Бул уюмдарды уюштуруунун негизги максаты – улуттук баалуулуктарды сактоо, кыргыз элининин бай тарыхын, тарыхый мурастарын, залкар таланттарын, коомдук ишмерлерин, улуттун көөнөргүс каада-салт, жөрөлгөлөрүн даңазалоого өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялап, канына сиңирүү болуп эсептелет.

Райондо "Манас", "Семетей", "Сейтек" уюмдарына мектеп окуучуларын кабыл алуу эстафетасы уланулат. Бул иш-чаранын максаты - кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын сактоо жана жаш муундарга жеткирүү менен патриоттук духта тарбиялоо. Келген меймандар "Манас", "Семетей", "Сейтек" уюмдарына кабыл алынып жаткан окуучуларга окуудагы ийгиликтерди, мектеп турмушуна активдүү катышууну, өздөрүнүн жүрүш-турушу менен башкаларга үлгү болуп жүрүшүн каалашты. "Манас", "Семетей"," Сейтек" уюмдарына кабыл алынып жаткан окуучулар салтанаттуу түрдө ант беришти. Андан соң келген меймандар окуучуларга жагоо жана төш белгилерди тагышты. Бул уюмдарынын жардамы менен окуучуларды улуттук ар намыста жигердүү тарбиялап, алардын атуулдук сезимин ойготуп, эмгекке, мекенди сүйүүгө тарбиялайт.

 

 

Маалыматы даярдаган: кесиптик бирликтин Ысык-Ата райондук комитети