Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Манас райондук комитетинде пленум болуп өттү

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Манас райондук комитетинин төрагасы Т.Медеталиевдин ден соолугуна байланыштуу кызматтан бошотуу жөнүндө кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогуловго жазган арызына ылайык 2021-жылдын 25-июнунда кесиптик бирликтин Манас райондук комитетинде уюштуруу пленуму болуп өттү. Пленумдун ишине кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин башкы укук жана эмгекти коргоо инспектору Б.Кадыркулов катышты.

Уюштуруу Пленумунун күн тартибинде төмөнкүдөй маселелер каралды:

  1. Кесиптик бирликтин Манас райондук комитетинин мүчөлөрүнүн курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү.
  2. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Манас райондук комитетинин төрагасын шайлоо.

Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча кесиптик бирликтин Манас райондук комитетинин төрагасын шайлоо боюнча талкуу жаралып, райондук комитеттин мүчөлөрү тарабынан биринчи төрагалык орунга Ш.Кочкорбаев атындагы орто мектептин директору Н.Дүйшөнбиев көрсөтүлдү, экинчи пленумдун мүчөсү Жийде орто мектебинин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы А.Тургуналиева ал орунга өзүнүн талапкерлигин сунуш кылып, пленумдун мүчөлөрү тарабынан добуш берүү жолу менен шайлоого эки талапкер киргизилди. Пленум мүчөлөрү ачык добуш берүү менен шайлоо өткөрүүнү тандап алышып, талапкерлер катары добушка коюлуп, натыйжада көпчүлүк добуш менен кесиптик бирликтин Манас райондук комитетинин төрагалыгына Н.Дүйшөнбиев шайланды. Пленумдун ишине Манас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы З.Маркашов катышып сөз сүйлөдү, ошондой эле райондогу мектептердин директорлору пленумдун ишине атайын чакырылып, пленумдун ишине катышышты.

Пленумдан кийин Манас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы З.Маркашовдун өтүнүчү менен Борбордук комитеттин укук жана эмгекти коргоо инспектору Б.Кадыркулов мектеп директорлору менен баарлашып, алардын берген суроолоруна жооп берип, укуктук маселелер боюнча түшүнүк берди.

 

Маалыматты даярадаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети