Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“МАНАС эпосу-кыргыз рухунун туу чокусу”

Кемибес байлык кенде жок,

Кейибес эч бир пенде жок.

Кыргыздан чыккан манасты,

Кыдырсан эч бир жерде жок.

 

2019- жыл 11-февраль күнү Токтогул районунун Бала-Чычкан айылынын №8 А.Иманбаев орто мектебинде болуп откон мектептер аралык “Манас таануу интеллектуалдык таймаш” жогорку деӊгээлде ишке ашырылды. Бул таймаштын катышуучулары болуп Токтогул райадминистрациясынын төрагасы М.Сатымкулов, Токтогул районунун Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Сатымкулова, Токтогул районунун профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов, КР эмгек сиӊирген артисти манасчы Р.Исаков, Жаӊы-Жол айыл өкмөтүнүн өкүлү ж.б. комиссияга мүчөлүк кылып катышышты. Таймаш экиге бөлүнүп “Манасты таануу” жана “Манас айтуу” болуп өзгөчөлөнүп кызыктуу өткөнүн белгилесек болот. Бул таймаштын жеӊүүчүлөрүнө, катышуучуларына жана уюштуруучуларына Токтогул райадминистрациясынын төрагасы М. Сатымкулов тарабынан акчалай сыйлыктар, белектер, дипломдор, грамоталар тапшырылды. Эӊ мыкты тайпа деп Бел-Алды айылынын №22чи Жамгырканов мектебинин “Эр Манас” тайпасы жана экинчи орунду ээлеген  Үч-терек айылынын №29чү Нургазиев мектебинин “Тай тору” тайпалары деп табылып, бул эки тайпа таймаштын облуста өтүүчү туруна туүдөн-түз жолдомо алгандарын айтсак болот. Таймаштын эӊ мыкты деӊгээлде өткөнүн КР эмгек сиӊирген артисти манасчы Р.Исаков өз сөзүндө белгилеп ыраазычылык сөздөрүн, каалоо тилектерин айтып өттү.

 

 

Материалды даярдаган:

Эмгекти укукту коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо инспектору

Дүйшеналиев С.