Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мамлекттик тил майрамы

     

Мен - кыргызмын, түгөнөөрдө түтөгөн!
Мен - кыргызмын жок болоордо күчөгөн!
Мен - кыргызмын, тарыхым бар, тилим бар,
Мезгилдин да ой-чуңкурун түзөгөн.

   2018-ж. 20-сентябрда Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт  жана архитектура университетинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышынын урматына жана заманбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Кыргыз тили-мекен тили»деген аталыштагы иш-чара өткөрүлдү.

        Иш-чараны КМКТАУнун илим жана мамлекеттик тил боюнча проректор, т.и.к., доцент Н.Ж.Маданбеков ачып берди, андан соң  «Кыргыз тили» кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент К.М.Жумакадырова мамлекеттик тил күнү  менен куттуктады.

        Мамлекеттик тил күнүнө арналган бул иш-чара 1-курстун студенттери арасында «Көркөм окуу» сынагы  жана сушуталган темалар боюнча бетачарлар (перезентация) болуп өттү. Иш-чаранын соңунда сынактын жыйынтыгы чыгарылып, студенттер жеңүүчүлөр аныкталды.