Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мамлекеттик тилге 29-жыл

Жалал-Абад шаарында тил майрамы белгиленди.

Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы облустук кыргыз драма театрынын базасында облустук масштабтады иш чара болуп өттү.

Иш чарага КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков, облус аймагындагы мекеме уюмдар жана Жалал-Абад шаарындагы билим берүү кызматкерлери катышышты.

Иш чаранын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына карата мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн билим берүү кызматкерлери Ардак Грамота жана КР Мамлекеттик тил коомунун төш белгилер менен сыйланышты.

Маалыматты даярдаган: Максат Мамасыдыков.