Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Макулдашуунун аткарылышы каралды

       2017-жылдын  15-мартында  Ноокен районунун  №18  Молдалиев  атындагы  орто  мектебинде райондук  «Ачык эшиктер  күнү»  өткөрүлүп,  анда  55 мектептердин  директорлору, райБББнун, райКБКнын кызматкелери, жергиликтуу өзүн-өзү  башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ата-энелер катышты.

      Иш-чаранын  1-бөлүгүндө катышуучулар  мектептин  мугалимдеринин  18 ачык сабактарына катышып, алырга анализдер берилди.

      2-бөлүгүндө  райБББнун  Коллегиясы  менен  райКБКнын  Президиумунун  биргелешкен  кеӊешмеси болуп  анда төмөнкү  2-маселе  талкууланды.

1.Ноокен райадминистрациясы, райБББ ,райКБК  ортосунда  түзүлгөн МАКУЛДАШУУну  2016-жылда аткарылышы жана  2017-2019-жылдарга бекитүү жөнүндө.

2.Райондогу инновацион  мектептердин  ишмердүүлүгү жөнүндө.

Биргелешкен  кенешме каралган маселелер боюнча тийиштүү  токтомдорду  кабыл  алды.

Материалды даярдаган: Кулмурзаева Чынара-№18 Молдалиев атындагы  орто  мектебинин  профкому, райКБКнын  коомдук тескөөчүсү